Ош облусунунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз өкүлү Элмира Шерипова "Азаттыкка" билдирди.
Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун берген маалыматына ылайык, 22-сентябрда саат 04:57де Ош облусунун аймагында эпицентриндеги күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
- Жер титирөө Кара-Суу районунун Отуз-Адыр, Кашкар-Кыштак, Нариман айылдарында жана Кара-Суу шаарында 3,5 баллга, Мады, Каратай, Кызыл-Ордо айылдарында жана Ош шаарында 3 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалыматка ылайык жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок, - деди Элмира Шерипова.
Акыркы жолу күчү төрт баллга жеткен жер титирөө ушул жылдын 22-август күнү саат 09:49 чамасында Алай районунда катталган. (KR)