Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:01

Зууракан Каденова кызматынан бошотулду


Зууракан Каденова
Зууракан Каденова

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Каденова Зууракан Ажимаматовна Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары кызматынан бошотулду.

Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Бүгүн Зууракан Каденова Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарынын аэропортунан учакка мас абалында кирип, ызы-чуу чыгарганы кабарланган. Бул тууралуу алгач Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова өзүнүн баракчасына жазып чыккан.

Кийин "Азаттыкка" бул маалыматты Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан ырастаган.

Анын айтымында, мамлекеттик кызматкер учакка мас абалында кирип, чыр чыгарган. Экипаж анын айынан бардык жүргүнчүлөрдү түшүрүүгө аргасыз болуп, рейс бир нече убакытка кечиккен.

- Биздин элчиликке аэропорттон дипломатиялык паспорту бар жараныбыз самолеттон чыр чыгарып, түшпөй мас абалында жүрөт деген маалымат келди. Биздин консул бир кызматкер менен чогуу аэропортко барды. Бир-эки сааттай убакытта жетишти. Учактан чыкпай койгону үчүн элдин баарын түшүргөнгө аргасыз болушуптур. Жүргүнчүлөрдү кайра башынан каттоодон өткөрүшүптүр. Учак кечигүү менен учуп кетти. Ал айым өзүнө келе элек. Мен ага мейманканада эс алып, эртең учуңуз деп сунуштадым, бирок ал "мен бүгүн кетишим керек" деп жатыптыр. Air Astana аны "кара тизмеге" киргизиптир. Ошол себептүү азырынча башка авиакомпаниялардан билет табылбай жатат. Биздин маалымат боюнча ал дагы башка эки кызматкер менен Сеулга окууга келген, - деди Кылычбек Султан.

Ал арада президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева билдирүү таратып, сөз болуп жаткан кызматкер "президент Сооронбай Жээнбековдун жээни" деген маалыматты жокко чыгарды.

XS
SM
MD
LG