Кытай Бээжиндеги АКШнын элчисин Вашингтондун жаңы санкцияларына каршылыгын билдирүүгө үндөдү. Кытай Орусиядан ракеталарды жана аскерий учактарды сатып алганы үчүн АКШ кытайлык аскерий уюмга каршы санкцияларды киргизген.
22-сентябрда Кытайдын тышкы иштер министри АКШнын Кытай Технологияларды өнүктүрүү департаментине жана анын жетекчилигине карата кабыл алынган санкцияларды "эл аралык укуктардын түпкү принциптерин бузуу" деп баалаган.
Санкциялар кабыл алынгандан кийин жарыяланган билдирүүдө Бээжин Вашингтонду санкциялардан баш тартууга чакырып, андай болбосо "кесепеттерин көрө турганын" эскерткен. АКШ Кытай-орус аскерий кызматташтыгына кийлигишүүгө укугу жок деп айтылат билдирүүдө.
Кытай Орусиядан Су-35 согуштук ок атуучу учактарды жана С-400 зениттик-ракеталык системаларын сатып алган.