"Ата Мекен" фракциясынын мурдагы лидери, абактагы Өмүрбек Текебаевдин ден соолугу жакшы. Бул тууралуу "Азаттыкка" Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын басма сөз өкүлү Элеонора Сабатарова кабарлады.
23-сентябрга караган түнү "Фейсбук" социалдык тармагында Өмүрбек Текебаевдин жүрөгү кармап, абалы начарлаганы тууралуу маалымат тараган. Бирок Жаза аткаруу кызматы бул маалыматты расмий түрдө төгүндөдү.
- Ден соолугу жакшы. Өзүнүн ордунда эле отурат. Андай эч нерсе болгон жок. Түндө "Текебаевдин ден соолугу начарлады, колонияда көтөрүлүш болуп жатыптыр" деген ар кандай жалган маалымат тараптыр. Ал маалыматтын баары калп.
Өмүрбек Текебаевдин стационарда дарылануу курсу аяктаганына байланыштуу 14-сентябрда ооруканадан №47 колонияга которулган. Саясатчы №47 абактан Бишкектеги Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна 31-июлда которулуп, неврология бөлүмүндө дарыланып жаткан. Августтун этегинде онколог-дарыгерлер ага калкан безиндеги шишикти операция жолу менен алууну сунуштаган. Бирок саясатчы макулдугун берген эмес.
Текебаев "орусиялык ишкерден 1 миллион доллар акча алды" деген айыптын негизинде 2017-жылы камакка алынган. Өзү болсо бардык айыптарды четке кагып, муну саясий куугунтук катары баалап келет. (KR)