Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:46

Кыз-келиндер бизнес ачууну үйрөнүүдө


Бишкекте өз ишин ачууну көздөгөн аялдардын "StartupWeekend" деп аталган үч күндүк иш-чарасы бүгүн жыйынтыкталат. Бул тууралуу "Азаттыкка" уюштуруучулардын бири Апал Рыскулова билдирди.

Үч күн же 54 саатка созула турган иш-чара 21-сентябрда башталган. Анда 40 жашка чейинки аялдар өзүнүн бизнес идеяларын ишкерлер жана эксперттердин сынына коюп, жакташат. Иргелип чыккан эң мыкты бизнес идеяларды сунуштаган топ иш-чарадан инвестор таап, идеясын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк алат.

- Аялдардын мүмкүнчүлүктөрү чектелгенин Кыргызстанда гана эмес, дүйнөдөн да байкоого болот. Мисалы, Америкада аял киши медициналык жардамды эркекке караганда 16 мүнөт кечигип алат экен. Статистика боюнча бир эле кызматты аркалаган аял менен эркекти салыштырганда, эркек көбүрөөк маяна алат. Кыргызстанда да "аял үйдү караш керек, бизнеске кирип кетсе сыртта көп жүрүп калат" деген стереотиптер бар. Бирок бизде да белгилүү ишкер айымдар көп. Ошолорду башка кыздарга таанытып, тажрыйба алмашуусуна шарт түзгүбүз келет.

"Startup Weekend" иш-чарасына 60тан ашык аял катышууда. Эң мыкты деп таанылган эки бизнес-идея Бишкек инвестициялык форумуна жолдомо алып, презентация жасоого мүмкүнчүлүк берилет.

Буга чейин да Кыргызстанда "StartupWeekend" иш-чаралары уюштурулуп келген. Бирок жалаң аялдардын башын бириктирген иш-чара биринчи жолу өтүүдө. (KR)

XS
SM
MD
LG