Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:34

Пакистандагы атышуудан 16 жоокер мерт болду


Пакистандын жоокерлер
Пакистандын жоокерлер

Пакистандын Ооганстан менен чектеш Түндүк Вазиристан тоолорундагы ок атышуудан 16 жоокер каза тапты. Бул тууралуу Пакистандын куралдуу күчтөрү кабарлады.

Кечээ маалым болгондой пакистандык жоокерлер Гарламай жана Спера Кунар Алгад аймактарында жашынып жүргөн согушкерлерге каршы рейд маалында окко учкан. Учурда аталган аймактар толугу менен армиянын көзөмөлүнө өткөн.

Согушкерлер Пакистанга Ооганстандан чек араны мыйзамсыз кесип киришкен. Түндүк Вазиристан пакистандык талибдер жана башка жикчилдер узактан бери баш калкалап келген аймак болуп саналат. Согушкерлер бул аймакта Пакистандын армиясы сүрүп чыгарганча - 2014-жылга чейин жашынып келген. Андан соң согушкерлердин көбү Ооганстанга качышкан.

Вашингтон Пакистанга берилет деген миллиондогон АКШ долларын кайтарып алып, Пакистандын терорчуларга каршы күрөшү жигердүү жүрбөй жатканы үчүн айыптаган. Пакистан мындай айыптоолорду четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG