Линктер

шейшемби, 23-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 05:38

Таласта күйөөсү аялын бычактады деп шектелүүдө


Окуя болгон үй.

Талас шаарында 26 жаштагы келин күйөөсүнүн колунан каза тапканы кабарланууда. Окуя 23-сентябрдын кечинде саат 21:00 чамасында болгонун "Азаттыкка" күбөлөр билдиришти.

Каргашалуу окуя Талас шаарынын Манас көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон.

Каза тапкан келиндин кошуналарынын айтымында, маркумдун денесине эки жолу бычак сайылган. Анын айынан келин ооруканага жетпей көз жумган. Артында уч баласы калганы айтылууда.

Жергиликтүү милиция азырынча комментарий бере элек. (AlS)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG