Кыргызстандын ички дүң өнүмүнүн дээрлик 34 пайызын бүгүнкү күндө ишкерлик тармагы камсыз кылууда. Бул тууралуу өкмөттүн расмий маалыматында айтылат.
Акчалай эсептегенде бул көлөм 72 миллиард сомду түзөт.
Ал эми ишерлердин жалпы саны 477 миң адам.
Өкмөт бизнес тармагында кооперациялык бирикмелер көбүрөөк түзүлүп, экспортту өнүктүрүү багытында иш жүргүзүү зарыл деп эсептейт. (RK)