Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:58

Оппозиционер Алексей Навальный кайра кармалды


Алексей Навальныйды 30 күндүк камактан чыгар замат полиция кармап жаткан учур. 24-сентябрь, 2018-жыл
Алексей Навальныйды 30 күндүк камактан чыгар замат полиция кармап жаткан учур. 24-сентябрь, 2018-жыл

24-сентябрда эртең менен административдик жазасын өтөп, 30 күндүк камактан чыккан оппозиционер Алексей Навальный кайра кармалды. Бул тууралуу анын саясий өнөктөшү Леонид Волков "Твиттерге" жазды. Анын маалымдашынча, Навальныйды "Даниловский" полиция бөлүмүнө алып келип, "Митинг өткөрүү тартибин бузуп, адамдын саламаттыгына зыян келтирген" деген административдик айып тагышкан.

Леонид Волков бул берененин жазасы 300 миң рубль айып төлөө же 20 күнгө камоо экенин жазды. Волковдун пикиринде, Навальныйга карата жаңы ишти жок жерден токуп жатышат. Навальныйдын жаңы ишин Москванын Симоновский соту карай турган болгонун оппозиционердин маалымат катчысы Кира Ярмыш маалымдады.

Оппозиционер Алексей Навальный кайра 30 күндүк камак жазасын бүгүн өтөп бүткөн. Ал бир ай мурда быйыл 28-январдагы каршылык акциясы үчүн "коомдук иш-чараны өткөрүү тартибин бузган" деп айыпталган.

XS
SM
MD
LG