Линктер

дүйшөмбү, 22-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 15:51

Молдова президенти кызматтык милдеттерин аткаруудан убактылуу четтетилди


Молдова президенти Игорь Додон.

Молдованын Конституциялык соту орусиячыл президент Игорь Додонду кызматтык милдеттерин аткаруудан кайрадан убактылуу четтетти. Буга анын европачыл өкмөт менен каршылашып жаткан учурда өзүнүн конституциялык милдеттерин аткарбай койгону негиз болду.

"Азаттык" радиосунун молдован кызматынын жазганына караганда, президент Игорь Додон бул жолу эки министрди – саламаттыкты сактоо, эмгек жана социалдык коргоо министрин жана айыл чарба министрин кызматка бекитпей койгон. Конституция боюнча президент өкмөт башчы сунуш кылган министрлерди бир жолу четке кага алат, бирок ошол эле адамдарды экинчи жолу сунуш кылса, дайындоого милдеттүү.

Конституциялык соттун чечими боюнча бул аралыкта президенттин милдетин спикер же премьер-министр аткарат жана алар аталган министрлерди кызматка беките алат.

Конституциялык соттун чечими акыркы, даттанууга жатпайт.

Игорь Додон Конституциялык соттун чечимин "Фейсбуктагы" баракчасында катуу сынга алды.

Бул - Игорь Додондун бир жылда эле кызматтык милдеттерин аткаруудан төртүнчү ирет четтетилиши.

Молдованын өкмөтү батышчыл жана европачыл, ал эми 2016-жылдагы президенттик түз шайлоодо мурдагы социалисттер партиясынын төрагасы Игорь Додон утуп чыккан. Ал батышчыл парламент жана өкмөт менен бир катар маселелер боюнча карама-каршы болуп келе жатат.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG