Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:17

Тышкы карызды төлөөнүн эң жооптуу учуру 2028-жылга туура келет


Кыргызстандын тышкы карызын төлөөнүн эң жооптуу этабы 2028-жылга туура келет. Бул тууралуу парламенттин Бюджет жана каржы комитетинин жыйынында маалымат берип жатып каржы министри Адылбек Касымалиев билдирди.

Министрдин айтымында, былтыр бул карыздын бир жылдык суммасын жабууга кыргыз өкмөтү 9 миллиард 957 миллион сом төлөдү.

Жалпысынан бүгүнкү күндө Кыргызстандын тышкы карызы 4,4 миллиард долларды түзүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG