Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:45

Жээнбеков БУУнун башкы катчысы менен жолукту


Сооронбай Жээнбеков жана Антониу Гутерриш. 24.09.2018
Сооронбай Жээнбеков жана Антониу Гутерриш. 24.09.2018

Президент Сооронбай Жээнбеков 24-сентября Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолукту.

Өз сөзүндө Гутерриш Кыргызстан аймакта маанилүү роль ойногон, демократия гүлдөгөн өлкө экенин белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан БУУ менен кызматташтыкка чоң маани берерин айтып, уюмдун жардамы менен ишке ашырылып жаткан долбоорлорго ыраазылыгын билдирди.

Бул күндөрү Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттары өтүп жатат. Ага 82 мамлекеттин башчысы жана 42 өлкөнүн премьер-министри катышууда.

XS
SM
MD
LG