Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:35

ТИМ: Кылычбек Султандын өзүнүн мыйзамсыз иштери боюнча маалымат бар


Кылычбек Султан.
Кылычбек Султан.

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Корея Республикасындагы элчиси Кылычбек Султандын айткандары боюнча комментарий берди.

Мекеме элчи мамлекеттик кызматкердин жүрүм-турум эрежелерин, дипломаттык этика нормаларын бузганын билдирип, анын өзүнүн туура эмес иштерин ачыкка чыгара турган маалыматтар бар экенин айтып чыкты.

“Эгер ал маалыматтар тастыкталса тиешелүү органдарга жөнөтүлөт. Кылычбек Султандын мындай жүрүм-турумуна дал ошол тартип бузуулары түрткү болушу ыктымал” деп эсептейт ТИМ.

Ошону менен катар министрлик элчинин азыркы ээлеп турган кызматы боюнча маселени да карап чыгарын, ал тараткан сөздөрдүн чын-төгүнүн териштирүүнү каалагандарга жардам көрсөтүүгө даяр экенин кошумчалады.

22-сентябрда эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Зууракан Каденова Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарынын аэропортунан учакка мас абалында кирип, ызы-чуу чыгарганы кабарланган.

Бул окуядан кийин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аны кызматынан бошотту.

Каденова өзү тууралуу айтылып жаткандын баарын четке кагып, дары ичкенден кийин көңүлү айнып кеткенин билдирүүдө.

24-сентябрда Кылычбек Султан Бишкекте пресс-конференция уюштуруп, “Президенттик аппараттан Каденова тууралуу маалыматты таратпагыла деген көрсөтмө келген, анын мас болгонун ырастачу далилдер бар” деп айткан.

Ал эми мамлекет башчынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева президенттик аппарат Сеулдагы окуяны жаап-жашыруу жөнүндө эч кимге буйрук бербегенин билдирген.

Кылычбек Султан ошондой эле Тышкы иштер министрлигиндеги, айрым элчиликтердеги коррупция тууралуу кайрылууларын жогорку бийлик укпай жатат деп айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG