Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:14

Атамбаев: КСДПнын жардамы менен бийликке жеткендер кайра партияга кол салып жатат


Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев

Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) төрагасы, экс-президент Алмазбек Атамбаев партиянын 1-съездинин 25 жылдыгына карата кайрылуу таратты.

КСДП лидери анда партиянын жолун Кыргызстандын өнүгүүсү менен байланыштырып, анын мүчөлөрү бул аралыкта адилетүүлүк үчүн күрөшүп келгенин белгилейт.

Атамбаев акыркы сегиз жыл ичинде да КСДП Кыргызстандын “кедей өлкөлөрдүн катарынан чыгышына жана энергетикалык көз карандысыздыкка ээ мамлекетке айланышына” салым кошконун билдирди.

- Биз элдин кызыкчылыгын коргоо менен адамдардын жыргалчылыгы үчүн иштегенбиз, эркиндик жана адилеттүүлүк үчүн күрөшкөнбүз. Бул үчүн үй-бүлөлүк – кландык режимдер башкарган жылдары биздин партиялаштарыбыз ырайымсыз куугунтукка алынган, жумуштарынан айдалып, кордук көргөн. Далайы сабалып, бир топ партиялаштарыбыз курман болгон. Бирок зөөкүрлөр бизди коркутуп, сындыра алган жок! Буга 2005 жана 2010-жылдарда болгон эки элдик революция далил,-дейт партиянын төрагасы.

Алмазбек Атамбаев азыркы учурда да КСДПга карата куугунтук уланып жатканын кошумчалайт. Атамбаев “бул жагдай “уйгактардан”, мансапкорлордон, саткындардан тазаланып алууга шарт түзүп жатканын” айтты.

- Тарых КСДПнын алдына далай ирет эң кыйын тандоолорду койгон. Биз дайыма туура чечимдерди таап келгенбиз. Ага карабай, тазалануунун жана жаңылануунун учурдагы этабы өзгөчө оор болуп жатат. Анткени бүгүнкү күндө биздин партиянын аркасы менен кызмат жана депутаттык мандат алгандар, партия тарабынан бийик мамлекеттик кызматтарга көрсөтүлгөндөр кайра партиябызга кол салып, КСДПны бөлгөнгө, жаманатты кылганга бүт аракеттерин жумшап жатат!, - деп айтылат кайрылууда.

Мурдагы мамлекет башчысы анын “партиясынын жардамы менен кызматка көтөрүлгөндөрдүн жана кайра кол салып жаткандардын” аты-жөнүн так атаган эмес.

Буга чейин КСДП партиясынын мүчөлөрү экс-премьер министр Сапар Исаков, Бишкектин экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимов камакка алынган.

КСДП партиясынын биринчи курултайы 1993-жылдын 25-сентябрында Бишкекте болуп өткөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG