Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:03

Мунапыс уюму Навальныйды "абийир туткуну" деп атады


Алексей Навальный абактан чыгып келатат, 24-сентябрь, 2018-жыл.
Алексей Навальный абактан чыгып келатат, 24-сентябрь, 2018-жыл.

Эл аралык Мунапыс укук коргоо уюму орус оппозиционери Алексей Навальныйды "абийир туткуну" деп атап, анын тез арада бошотулушу керектигин билдирди.

Уюмдун Москвадагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Наталья Звягина оппозициялык активист 2017-жылдын мартынан бери алты ирет кармалып, абакта 120 күн өткөргөнүн билдирди.

Навальный Орусиядагы коррупциялык көрүнүштөрдү ашкерелеп, президент Путиндин саясатын катуу сындап келет. Пенсия курагынын көтөрүлүшүнө, бир адамдын бийлигине каршы митингдерди өткөргөн. Буга байланыштуу 30 сутка камалып, дүйшөмбүдө чыгары менен кайра кармалган. Ал бир ай мурда быйыл 28-январдагы каршылык акциясы үчүн "коомдук иш-чараны өткөрүү тартибин бузган" деп айыпталган.

25-сентябрда сот аны дагы 20 күнгө камакка алууга чечим чыгарды.

XS
SM
MD
LG