Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:15

Астанада журналист Ирина Бекетова киши колдуу болду


Астана полициясынын кызматкери, 6-июль, 2018-жыл.
Астана полициясынын кызматкери, 6-июль, 2018-жыл.

Астана шаарында 25-сентябрга караган түнү журналист Ирина Бекетова киши колдуу болуп каза тапты. Полиция 34 жаштагы жергиликтүү тургун кылмышка шектелип жатканын билдирди. Полициянын басма сөз кызматы 37 жаштагы журналисттин сөөгү өзү жашаган үйдүн жанынан табылганын маалымдады.

Полициянын басма сөз кызматы “шектүүнү кармоо боюнча чара көрүлүп жатканын” "Азаттыктын” казак кызматына билдирди.

Жергиликтүү маалымат агенттиктери Ирина Бекетова 12 жылдай “Казакстан темир жол жарчысы - Железнодорожник Казахстана" гезитинде эмгектенип жүрүп, соңку айларда Nur.kz. интернет сайты менен кызматташа баштаганын жазышты.

Журналисттер маркумдун үй-бүлөсүнө жардамга каражат топтой башташты. Бекетованын артында төрт баласы калды, анын бири Даун синдрому менен жабыркайт.

Быйыл 19-июлда Алматынын борборунда кылмышкерлер көркөм муз тебүүнүн чебери, Сочи Олимпиадасында коло медаль тагынган Денис Тенди бычактап кетишкен. Тен алган жараатынан ооруканада каза тапкан. Таанымал спортчуну өлтүрүүгө шектүү деп үч казак жараны кармалды.

XS
SM
MD
LG