Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:08

АКШ орусиялык 12 компанияга аскердик коркунучтан улам санкция салды


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

АКШнын Соода министрлиги "америкалык улуттук кызыкчылыктарга" коркунуч туудурган 12 орусиялык компанияга каршы санкцияларды киргизди. "Кара тизмеге" жаңы кирген ишканаларга америкалык товарды жана технологияны сатып алууга тыюу салынат. Аларга компьютердик программалар да кирет. АКШнын Федералдык реестринин сайтына коюлган документке ылайык, жаңы чектөөлөр 26-сентябрдан тарта күчүнө кирет.

Кибермейкиндиктеги агрессиясы үчүн "Вектор" илим-изилдөө институту, "Гамма" илимий-өндүрүштүк ишканасы, "Сайрус Системс" фирмасы жана "Инфотекс" компаниясы "кара тизмеге" илинген.

Ошондой эле Орусиянын Аскер-деңиз күчтөрүн жабдык менен камсыздаган "Океанос" технологиялык ишканасы, "Дайвтехносервис" компаниясы да илинген.

Июнда АКШ "Дайвтехносервисти" орусиялык атайын кызматтарга суу алдында колдонула турган техника бергени үчүн айыптаган. Андай техника Американын Европа менен коммуникациясына каршы колдонушулу мүмкүн экени ырасталган.

Вашинтогдун тизмесине аскердик аэрокосмикалык тармакты колдогону үчүн "Аэрокомпозит" жана "Авиадвигатель" ишканалары, "Жогорку тактыктагы тетиктерди куруу системасы" конструктордук бюросу жана "Вега" илимий-изилдөө институту кирген.

Ирандын ракеталык программасына материалдык жардам бергени үчүн Москвада, Минскте жана Тегеранда кеңселери бар Nilco Group компаниясы да “кара тизмеге” түштү.

XS
SM
MD
LG