Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:45

Парламент акыйкатчы шайлайт

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн Жогорку Кеңеште өлкөнүн акыйкатчысын шайлоо болот. Өткөн аптада парламенттин  Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети бул орунга беш талапкерди карап чыккан.

КСДП фракциясы Токон Мамытовду, “Бир Бол” үч талапкерди – Маматурайим Момуновду, Рита Карасартованы, Рыскул Бактыбаевди, ал эми “Ата Мекен” Канат Азизди сунуштап жатат.

Мурдагы акыйкатчы Кубат Оторбаев 26-июнда өз каалоосу менен ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

Мыйзам боюнча акыйкатчылыкка талапкерди Жогорку Кеңештеги фракциялар көрсөтөт жана жалпы жыйында депутаттар добуш берүү менен шайлашат. (RK)

XS
SM
MD
LG