Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:50

Матраимовдин иши шаардык сотто каралат


Райымбек Матраимов.
Райымбек Матраимов.

Бишкек шаардык соту бүгүн кыргыз өкмөтүнүн Райымбек Матраимов боюнча апелляциялык арызын карайт.

Өкмөт райондук сот чыгарган чечимге байланыштуу шаардык сотко арыз менен 17-августта кайрылган.

Ага чейин, 25-июлда Биринчи Май райондук соту Матраимовго Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарынын кызматына кайра кайтууга уруксат берген чечим чыгарган. Өз чечимин түшүндүрүп бул сот органы Матраимов “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамды бузганы тууралуу далил табылбаганын, аны жазалоого негиз болуучу кызматтык иликтөө жүрбөгөнүн жана тартип комиссиясынын бүтүмү болбогонун айткан.

Эл ичинде "Райым миллион" атыккан Райымбек Матраимов 2017-жылдын 23-ноябрында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарынын кызматынан бошотулган. Өкмөт бул чечимди "анын иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатка каршы келет" деп негиздеген.

Быйыл апрелде ал "мени негизсиз жумуштан алды" деп өкмөттү сотко берген жана ал кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругун жокко чыгарууну өтүнгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG