АКШ Иранды Жакынкы Чыгышта агрессия саясатын жүргүзүп жатат деп айыптап, дүйнө өлкөлөрүн аны менен кызматташуудан баш тартууга чакырды. Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында сүйлөп жатып Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Иранды айыптап, Тегеран өзөктүк куралдан толук баш тартышы керектигин белгиледи.
Америкалык лидер Иран менен өзөктүк макулдашууга жетишкен эл аралык коомчулукту сындап, келишимге кол коюлгандан кийин Тегеран аскердик бюджетин көбөйткөнүн айтты.
Иран жетекчилиги АКШнын расмий Тегеранга карата соңку саясатын "экономикалык терроризм" деп атоодо.
БУУ жыйынында сүйлөп жатып өлкө президенти Хасан Роухани "Бир тараптуу жана мыйзамсыз санкциялар – бул экономикалык терроризм жана ал өнүгүүгө болгон укукту бузуп жатат" деп билдирди. (RK)