Жогорку Кеңеште ушу тапта өлкөнүн акыйкатчысын шайлоо жараяны башталды. Ага омбудсмен болууга талапкерлер катышып, баяндама жасап атышат.
Бул кызматка КСДП фракциясы Токон Мамытовду, “Бир Бол” үч талапкерди – Маматурайим Момуновду, Рита Карасартованы, Рыскул Бактыбаевди, “Ата Мекен” фракциясы Канат Азизди сунуштаган.
Өткөн аптада парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети бул орунга беш талапкерди карап чыккан.
Мурдагы акыйкатчы Кубат Оторбаев 26-июнда өз каалоосу менен ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.
Мыйзам боюнча акыйкатчылыкка талапкерди Жогорку Кеңештеги фракциялар көрсөтөт жана жалпы жыйында депутаттар добуш берүү менен шайлашат.
Акыйкатчы шайлоо жараянын "Азаттык" "Фейсбукта" жана "YouTube" каналында түз алып көрсөтүүдө.