Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 12:43

Лавров Норвегиянын “меймандостугун” сындады


Михаил Бочкарев (экинчи катарда ортодо турган мурутчан эркек) Норвегияда өткөн иш-чаранын катышуучулары менен. 20-сентбяоь, 2018-жыл.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров өткөн аптада Норвегияны орус парламентинин кызматкерин камакка алганы үчүн сындап, тыңчылыкка айыптоолорду «пропаганда» деп баалады.

Шаршембиде Лавров БУУнун Башкы ассамблеясында норвегиялык журналисттин суроолоруна жооп берип жатып, “Силерге пропаганда сиңип калган. Биздин жараныбыз эмнеге кабылганын билишибиз керек” деди.

“Аны норвегиялык парламент чакырды деп ойлойсуңбу?” деген министр "норвегиялыктардын меймандостугу чектен чыгып кетти” деп какшык аралаш кошумчалады.

Михаил Бочкарев 21-сентябрда Норвегиянын баш калаасы Ослонун сыртындагы Гардермуэн аэропортунда мыйзамсыз чалгынчылык кылып жүргөн деген шек менен кармалган.

Норвегиянын медиасынын маалыматына караганда, Европадагы парламенттердин кызматташтыгын чыңдоого арналган конференцияда Орусиянын Федерация кеңешинин IT-адиси Бочкаревдун жүрүм-туруму шек жаратканын улам, ал жердегилер атайын кызматтарга билдиришкен.

24-сентябрда Орусиянын тышкы иштер министрлиги Норвегиянын Москвадагы элчиси Руне Ресаландды чакыртып, Бочкаревго коюлган “акылга сыйбаган айыптарды” алып салып, аны тезинен бошотууну талап кылган.

Министрлик Бочкарев Норвегияга Парламенттик иликтөө жана документтештирүү боюнча европалык борбордун чакыруусу менен эл аралык иш-чарага катышууга барганын билдирген.

Федерация кеңешинин Эл аралык иштер боюна комитетинин төрагасынын орун басары Андрей Климов Норвегиянын бийлиги Бочкаревду Орусияда тыңчылыкка айыпталып кармалган жараны Фруде Берг менен "айырбаштоо үчүн кармады" деп айтты.

Норвегиянын премьер-министри Эрна Сульберг бул иште саясат жоктугун, “ полиция иликтеши керектигин” белгиледи.

Бочкарев эки жума камакта болорун норвегиялык маалымат каражаттары кабарлады.

XS
SM
MD
LG