Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:08

Пакистанда 38 миллион бала шалга каршы эмдөөдөн өтөт


Лахордогу балдарды эмдөө, 15-январь, 2018-жыл.
Лахордогу балдарды эмдөө, 15-январь, 2018-жыл.

Пакистанда дүйшөмбүдөн тарта шал илдетине (полиомиелитке) каршы эмдөө башталды. Өкмөт эл аралык уюмдардын колдоосу менен өлкөдөгү 38 миллион баланы эмдөөнү көздөп жатат.

Акыркы жылдары Пакистан балдардын шал оорусуна каршы күрөштө сезилерлик ийгиликке жетти. Расмий маалыматка караганда, 2014-жылы полиомиелитке чалдыккан 300дөн ашуун бала катталса, өткөн жылы үчөө кайрылган.

Ошол эле маалда процесс кандуу кол салуулар менен коштолуп келет. “Талибан” кыймылы жана башка согушкерлердин тобу эмдөө менен алектенгендерди жана аларды кайтарган коопсуздук кызматкерлерин өлтүргөн учурлар көп болгон. Алар батыш тыңчылары вакцинацияга жамынып "өз иштерин жүргүзүшөт" же болбосо бул пакистандыктардын балдарын "тукумсуз кылууну көздөгөн өнөктүк" дешет.

XS
SM
MD
LG