Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:57

Мамдума пенсия реформасы боюнча долбоорду экинчи окууда колдоду


Пенсия реформасына каршылардын акциясы. Санкт-Петербург.
Пенсия реформасына каршылардын акциясы. Санкт-Петербург.

Орусияда Мамдума пенсия курагын көтөрүүнү караган мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоду.

Депутаттар президент Владимир Путин киргизген түзөтүүнү жактырышты. Президент буга чейинки долбоорду жумшартып, аялдар 60, эркектер 63 жашта пенсияга чыгышсын деп сунуш кылган.

Добуш берүү өтүп жаткан чакта Думанын имаратынын сыртына пенсия жашын көтөрүүгө каршы болгондор чогулуп, дагы бир жолу нааразылыгын билдиришти. Алардын арасында “Солчул фронттун” лидери Сергей Удальцов жана башка активисттер бар.

Ушул тапта Орусияда эркектер 60, аялдар 55 жаштан пенсияга чыгат. Орус өкмөтү июнь айында жарыялаган планга ылайык, өлкөдө пенсия курагы 2019-жылдан тартып акырындык менен көтөрүлмөк. Мыйзам долбоорунда 2028-жылга барып эркектер 65, ал эми 2034-жылга чейин аялдар пенсияга 63 жаштан чыгары каралган.

22-сентябрда Орусиянын бир катар шаарларында пенсия курагын көтөрүү демилгесине каршы чыккандар нааразылык акциясын өткөрүштү.

9-сентябрда ондогон шаарларда оппозициячыл Алексей Навальный уюштурган митингдер болуп өткөн. Алардын көбү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен макулдашпай уюштурулгандыктан өлкө боюнча миңдеген катышуучулар кармалган.

XS
SM
MD
LG