Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:23

Эрдоган: Асад бийликте турганда Сирияда тынчтык орнотуу мүмкүн эмес


Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөп жатат, 25-сентябрь, 2018-жыл.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөп жатат, 25-сентябрь, 2018-жыл.

Сириянын Идлиб провинциясынан радикалдуу топтор чыгып кете баштады, бирок бийликте Башап Асад турганда бул өлкөдө тычтык орнотуу мүмкүн эмес. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган «Рейтер» агенттиги менен болгон маегинде айтты.

18-сентябрда Орусия жана Түркия Идлиб провинциясында 15-октябрга карата куралдуу оппозиция менен өкмөттүк күчтөр кесилишкен тилкеден 15-20 чакырым ичкери карай демилитаризациялык буфер аймак түзүүнү макулдашкан.

Сириянын Орусия жана Иран колдогон өкмөттүк күчтөрү Идлиб провинциясына чабуул жасап, аскерий операция өткөрсө мунун арты ири “гуманитардык трагедияга, кыргынга жана кыйроого” айланарын соңку апталарда Улуттар уюму, АКШ баштаган Батыш мамлекеттери утур-утур эскертип жатты.

Сирияда сегиз жылга созулган жарандык согушта 400 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылды, миллиондогон адамдар жер которууга мажбур болду.

XS
SM
MD
LG