Бишкек шаарынын жылуулук борборуна кышкы сезон үчүн 239 миң тонна көмүр келип түштү. Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган мекеменин маалымат катчысы Тагжана Айдаралиева билдирди.
Анын айтымында, жалпы 1 миллион тонна көмүр келиши керек. Калганы план боюнча кышында алынып келет.
25-сентябрда өкмөттүн атайын жыйынында Бишкек ЖЭБдин директору Андрей Воропаев ишкана алдыдагы күз-кыш мезгилине даяр экендигине ишендирген.
Андрей Воропаев ошондой эле турбиналык цехти жылуулоо иштери 80%, ал эми чатыры дээрлик аяктаганын кабарлаган.
Жалпы кыш сезонуна 1 млн. тоннадай көмүр керектелсе, анын 550 миң тоннасы Кара-Кечеден, 50 миң тоннасы Таш-Көмүрдөн алынып келет. Калган 400 миң тонна Казакстандан импорттолот.
Буга чейин казакстандан алынып келинчү көмүргө өткөн тендерди "Рассвет компани" ишканасы утуп алганы чуу жараткан. (ErN)