Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Апрель, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:53

28-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

28-сентябрда түнкүсүн тоолуу райондордо жамгыр, бийик тоолордо кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл облусунда жана Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6...11, күндүз 20...25,

Талас жергесинде түнкүсүн 2...7, күндүз 20...25,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 7...12, күндүз 22...27,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 2...7, күндүз 15...20,

Нарын облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 16...21,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4...-9, күндүз 3...8 градус болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн 8…10, күндүз 22…24 градус жылыйт. Жаан-чачын болбойт.

XS
SM
MD
LG