27-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин иши каралып жатат. Сот Эмил Кайыпов өтүнүч, арыздар жоктугуна жана иштин документтери изилдөө толук аяктаганына байланыштуу жарыш сөзгө уруксат берерин айтты.
Жарыш сөзгө чыккан прокуратура өкүлү Зилалиев президенттин кортежи Манас проспектисинен өтөрүн билип туруп курсантка “Азыр бомба жарылат” деп айтканын, УКМКнын ыкчам тобу ал жерде издегенин” билдирди. Ал коюлган беренелер туура экенин жана айыпталуучунун күнөөсү далилденгенин айтты. Прокурор ошондуктан Дүйшөнбек Зилалиевди эки жылга абакка кесүүнү соттон суранып, сот залынан камакка алууну белгиледи.
Зилалиевдин адвокаты кылмыш ишин тергөө калыс жүрбөгөнүн, ага карабай айыпталуучунун күнөөсү далилденбегенин билдирди.
Буга чейинки сот отурумунда күбө катары Ички иштер министрлигинин кызматкерлери көрсөтмө беришкен.
Зилалиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренеси менен ("Террорчулук жөнүндө атайылап жалган маалымат таратуу") кылмыш иши президент Сооронбай Жээнбековдун былтыр 24-ноябрда болгон инаугурациясынан кийин козголгон.
Инаугурация күнү президенттик кортеж өткөн көчөдө "бомба коюлду" деген кабар тараган. Жергиликтүү маалымат каражаттары бомба тууралуу милицияга ИИМ академиясынын курсанты кабарлаганын, ал эми ага "1532 ВК" мамлекеттик номерлүү "Лексус" машинесинен бир адам билдиргенин жазган. Кийинчерээк "машиненин номуру Зилалиевге таандык" деген маалымат чыккан.
Кылмыш ишин быйыл 30-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) козгоп, айыбын угузуп, бөгөт чарасы "өлкөдөн чыкпоо" деп аныкталган.
Зилалиев өзү болсо "курсант кыз анын формасы тууралуу мактоо сөздөрүн туура эмес түшүнүп алганын" айтып келет. (ErN)