Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:24

Кыргызстандагы комитет “Түнкү кырсык” тасмасын “Оскарга” көрсөттү


Темир Бирназаровдун “Түнкү кырсык” тасмасынын баннери.
Темир Бирназаровдун “Түнкү кырсык” тасмасынын баннери.

Кыргызстандагы "Оскар” комитети режиссер Темир Бирназаровдун “Түнкү кырсык” (“Ночная авария”) тасмасын АКШнын “Оскар” сыйлыгына сунуштады. Бул тууралуу аталган комитеттен билдиришти.

Комитет мүчөлөрү 26-сентябрдагы отурумунда Бирназаровдун тасмасы менен Айбек Дайырбековдун “Дарак ыры” тасмасын карап, анын ичинен “Түнкү кырсык” фильми тандалып алынган.

Лос-Анжелестеги Америка киноакадемиясы сунушту кабыл алса, тасма “Мыкты чет элдик кино” номинациясында жарышат. 2018-жылдын кинематография тармактары үчүн сыйлыктар 2019-жылдын 24-февралында ыйгарылат.

Кыргызстандагы "Оскар” комитети 2012-жылы түзүлгөн. Координатору Таалай Кулмендеев. (ErN)

XS
SM
MD
LG