Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:56

Орусиянын банктары өлкөгө еврону рекорддук көлөмдө алып келүүдө


“Азаттык” радиосунун орус кызматы кабарлагандай, Орусиянын банктары АКШнын жаңы экономикалык санкцияларынын коркунучунан улам өлкөгө еврону рекорддук көлөмдө алып келип, долларды азайтышууда.

Маселен июль айында Орусиянын банк сектору аркылуу 2014-жылдан берки рекорддук көлөмдөгү евро өткөн. Анын суммасы долларга айлантканда эки миллиард доллардан ашат. Ошол эле учурда банктар Орусияга сыртта 900 миллиондой гана доллар которушкан.

Банктардын акча которууларында мындай тенденция бар экенин Орусиянын Борбордук банкы да ырастады. Муну Борбордук банктын статистикасы да көргөзүүдө.

Орусиядан евронун корун көбөйтүү жараяны АКШнын ыктымал жаңы санкциялары орусиялык банктардын Америкада иштөөсүнө тыюу салышы мүмкүн деген кооптонуулардан улам тышкы эсеп-кысапта доллардан акырындык менен баш тартуу аракети көрүлүп жаткан учурга да туш келди.

Жакында Орусиянын мамлекеттик ири банктарынын бири - ВТБнын башчысы Андрей Костин президент Владимир Путин менен жолугушууда америкалык валютанын орус экономикасындагы ролун азайтууну караган сунуштар топтомун берген болчу. (UE)

XS
SM
MD
LG