Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:26

Рысалиев Гуреевич менен жолугушуунун протоколун талап кылды


Зарылбек Рысалиев
Зарылбек Рысалиев

Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын финансылык кеңешчиси Евгений Гуревич менен Башкы прокуратура өкүлүнүн жолугушуусунун протоколун талап кылды. 27-сентябрда парламентте баш прокурор баштаган адистер катышкан жыйында депутат бул маселени көтөрүп, аталган жолугушууну уюуштурууну шалаакылык катары баалады.

Баш прокурордун айтымында, Гуревич менен ошол кездеги Тергөө башкармалыгынын орунбасары Мелис Мырзаканов жолуккан. Парламент жыйынына катышып отурган Мырзаканов өзү да муну бышыктап, Гуревич менен жолугушууга АКШдагы элчиликтин өкүлү экөө барганын билдирди.

Баш прокурор протокол түзүлбөгөнүн, сурак эмес, териштирүүнүн жүрүшүндөгү жолугушуу болгонун айтты.

Кезинде Бакиевдердин финансылык кеңешчиси болгон, Кыргызстанда бир нече кылмыштар боюнча сыртынан соттолгон, азыр АКШда шарттуу абакта отурган Евгений Гуревич жакында “Азаттыкка” берген маегинде мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү Кыргызстандан 200-300 миллион доллар чыгарып кеткенин билдирген. Ал 2015-жылы Кыргызстандын прокуратурасынын өкүлдөрү Алабамага келип, аны менен жолукканын айткан.

Ошондой эле Бакиевдер Кыргызстандан чыгарып кеткен миллиондор тууралуу көрсөтмө берүүгө даярдыгын айтып кызматташууну сунуштаганын, бирок кыргызстандык прокурорлор аны менен жолуккандан кийин такыр байланышка чыкпай койгонун маалымдаган.

XS
SM
MD
LG