Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:07

Эки колунан ажыраган жоокерге протез койдуруу маселеси жарым-жартылай чечилди


Руслан Сапарбаев
Руслан Сапарбаев

Майлуу-Суу шаарында кызмат учурунда токко урунуп, эки колу кесилген жоокер Руслан Сапарбаевге протез коюп берүү маселеси каралып, жарым-жартылай чечилди. Бул тууралуу Башкы штабдын маалымат катчысы Гүлзат Жарашева билдирди.

Анын айтымында, штабдын жетекчилиги кеңешип, жоокердин бир колунун протезин каржылоого макулдук беришкен. Экинчи колуна да жасалма жабдуу коюуга акча табуу маселеси каралып жатат. Жарашева белгилегендей бир протездин наркы болжол менен 30 миң АКШ долларын түзүшү мүмкүн.

№30295 аскер бөлүгүндө кызмат кылган Сапарбаев 8-августта кезмет учурунда токко урунган. Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы кырсыкка аскер өзү күнөөлүү экенин, ал тыюу салынган электр көмөк чордонуна кирип, трансформаторго колун салып алганын билдирген. Аскер прокуратурасы факты боюнча иликтөө иштерин алып барууда.

Сапарбаевге дарыгерлер эки жолу операция кылып, эки колун тең чыканагына чейин ампутация кылышкан. Жабырлануучу Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө институтунда дарыланып жаткан.

Кийин жоокерге жардам берүү үчүн атайын эсеп ачылган. Ушул күнгө дейре ага 200 миң сомдон көбүрөөк акча топтолгону айтылды. Жабырлануучунун апасы Венера Сейталиеванын атына бекилген эсеп “Элсом” электрондук капчыгында. Номери +996 707 75 00 80. Бул номерге которулган каражаттар жоокердин дарылануусуна жумшалат.

Руслан Сапарбаев - Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну, ал быйыл жазында аскерге чакырылган. Жоокерге укуктук жардам көрсөтүп жаткан “Кылым шамы” уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова жоокер энеси менен чогуу батирде жашарын, үйү жоктугун, мамлекеттен турак жай өндүрүү маселеси да каралып жатканын кабарлаган. (ErN)

XS
SM
MD
LG