Линктер

жекшемби, 23-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 10:18

Ток урган жоокер экинчи колунан айрылды


Руслан Сапарбаев.

Майлуу-Суу шаарында аскердик кызмат өтөп жүрүп токко урунган жоокердин экинчи колу да кесилди.

Буга чейин ооруканага оор абалда түшкөн жигиттин оң колу кесилген болчу. Азырынча аскер жигит кандай жагдайда токко урунганы тууралуу так маалымат айтыла элек. Жакындары жоокер аскер кызматындагы шалаакылыктын курмандыгы болгонун айтып жатышат.

"Эскертүү жазуулары болгон эмес"

Кезмет учурунда токко урунуп, оор жаракаттын айынан буга чейин оң колунан ажыраган жоокер Руслан Сапарбаевдин сол колу да кесилди. Бишкек шаарындагы №4 Травматология жана ортопедия илим изилдөө институтунун дарыгерлери консилиум өткөргөндөн кийин ушундай чечим кабыл алышкан.

Ушул тапта жоокердин кандай жагдайда токко урунганы тууралуу так маалымат жок. Буга чейин Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы Майлуу-Суу шаарындагы №30295 аскер бөлүгүндө болгон бул окуя тууралуу маалымат берип, жабырланган жоокер тыюу салынган жерге өзү кирип, токко урунганын билдирген.

Оорукана.
Оорукана.

Руслан Сапарбаевдин жакындары ал жерде эч кандай тыюу салынган белги болбогонун айтып жатышат. Сапарбаевдин жеңеси Элмира Абдыжапарова буларды айтты:

- Ал жерде ток бар экенин керек болсо башчысы өзү да билбейт экен. Башчысы апасына "мен ал жерде ток бар экенин билбейт экенмин" деп айтыптыр. Мен барсам командирдин жардамчысы бар экен. Эмнеге чектөө койбогонун сурасам жанындагы жоокерлер "кирбе" десе кирип кеткенин айтышты. Бул акыл-эстүү бала.

Жоокерге “Кылым шамы” укуктук уюму жардам көрсөтүүдө. Анын жетекчиси Азиза Абдирасулова кырсыкка шалаакылык себеп болушу мүмкүн деп эсептейт:

Азиза Абдирасулова.
Азиза Абдирасулова.

- Жер алдынан өткөн ток экен. Кароосуз калгандай эле болуп турган экен. Анын эшиктери да, кулпусу да жок. "Бул жакта ток бар" деген эскертүү жазуу деле жок болгонун айтат. Чогуу кызмат өтөгөн балдар менен чалышканбы, анысын айткан жок, бирок "уктум" дейт, "азыр тегерек-четин жыйнаштырып, оңдоп, тосуп коюшуптур" деп мага айтты.

Башкы штабдын басма сөз кызматынын өкүлү окуяны азыр аскер прокуратурасы тергеп жатканын, анын жыйынтыгы менен Руслан Сапарбаевге кенемте төлөп берүү жагы караларын билдирди:

- Иликтөө бүткөндөн кийин алар беренесин, башкасын аныкташат. Бирок камсыздама төлөнөт. Бул компенсация эмес, камсыздандыруу полиси. Анын өлчөмү аныкталгандан кийин төлөнүп берилет.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын пикиринде, маселе кенемте менен эле чечилбеши керек. Ал эки колунан ажыраган жоокерди мамлекет өмүрүнүн аягына чейин камкордукка алышы зарыл деп эсептейт:

- Ал бир жолку компенсация. Ал армияга барып кырсыктагандардын баарына төлөнөт. Бул болсо өмүр бою майып болуп калды. Баланын өмүрүнүн акырына чейин толук камсыздандырууну мамлекет мойнуна алыш керек. Бул балага эл катары караш керек эмес, трагедиясы таптакыр башка болуп жатат. Ооруканадан чыкканда бара турган жери жок экен, кайда барат? Апасы майып баласын каякка алып барат? Жашай турган жер, үй бериш керек.

Укук коргоочу мамлекеттен Руслан Сапарбаевге Германиядан алдырып, протез кол салдырып берүүнү талап кылаарын кошумчалады.

1996-жылы төрөлгөн Руслан Сапарбаев 8-август күнү Майлуу-Суу шаарындагы №30295 аскер бөлүгүндө электр көмөк чордонунда токко урунган. Эки колу күйүп калган жоокерди дарыгерлер 17-августта операция кылып, оң колун ампутация кылышкан. Бүгүн сол колун да кесип салышты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айдана Топчубаева

    "Азаттык+" программасынын алып баруучусу, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин журналистика факультетинин студенти.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG