Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:09

Ошто сууга аккан аялды милиция кызматкерлери куткарып калды


Иллюстрациялык сүрөт. Ош шаарынын милиция кызматкерлери сууга чөмүлгөндөр арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткан учур.
Иллюстрациялык сүрөт. Ош шаарынын милиция кызматкерлери сууга чөмүлгөндөр арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткан учур.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Тазагүл Сатарова, Азамат Ташболотов, Бурхан Алмамат уулу жана айдоочу Сооронбой Бадамовдордон турган ыкчам-тергѳѳ тобу 27-сентябрда сууга агып бараткан аялды куткарып калышты. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сѳз кызматы билдирди.

Аталган топ кезектеги чакыруудан кайтып келаткан чакта калаадагы Масалиев проспектисине улай шар аккан каналды бойлоп келе жаткан кыздын карааны кѳрүнбөй калганын байкап калышат. Алар автоунаану токтотуп, сууга көз салып, аялдын сууда агып баратканын көрүшөт. Кызматкерлер куткаруу үчүн сууга секирип, 100 метрге чейин кошо агып барып чыгарып алышкан. Жабыркаган аялга жасалма дем алдыруу жасашкан.

Бул аралыкта чакырылган "Тез жардам" кызматы келип, жабыркаган аял Ош шаардык ооруканага жеткирилген. Учурда бул факт боюнча Ак-Буура милиция бөлүмү иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Аялдын кокустукка кабылышы же, суицидке барышы мүмкүн деген версиянын үстүнөн иш жүрүп жатат.

Быйыл июль айында да Кадамжайда милиционер сууда агып бараткан окуучу кыздын өмүрүн сактап калган. (ErN)

XS
SM
MD
LG