Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:28

Орусияда пенсия реформасы боюнча мыйзам үчүнчү окууда кабыл алынды


Пенсия реформасына каршы нааразылык. 22-сентябрь, 2018-жыл.
Пенсия реформасына каршы нааразылык. 22-сентябрь, 2018-жыл.

27-сентябрда өткөн добуш берүүдө мыйзам долбоорун Мамлекеттик думанын 333 депутаты колдоп, 67си каршы чыкты. Мыйзам долбоордун акыркы редакциясына ылайык, Орусияда аялдардын пенсия курагы азыркы 55тен 60ка көтөрүлөт.

Мамлекеттик Дума өкмөттүн демилгесине ылайык, аялдардын пенсия жашын 63кө, эркектердикин 65ке көтөрүүнү караган мыйзам долбоорун биринчи окуудан июль айында жактырган. Бирок президент Владимир Путин 29-августтагы телекайрылуусунда талаштуу пенсия реформасы жумшартыларын жарыялаган. Путин аялдардын пенсияга чыгуу курагын сегиз эмес, беш жылга көтөрүүнү сунуштаган.

Орус президенти пенсия реформасынын зарылдыгын өлкөнүн демографиялык көйгөйлөрү менен түшүндүргөн.

Орусияда пенсия реформасына каршы нааразылык акциялар быйыл жайдын башынан тарта өтүп келет. (UE)

XS
SM
MD
LG