Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:11

Казакстанда тышкы чалгындын жаңы башчысы дайындалды


Акордонун көрүнүшү.
Акордонун көрүнүшү.

Казакстандын “Сырбар” деп аталган Тышкы чалгын кызматынын жаңы башчысы болуп Исатай Сартаев дайындалды. Ал буга чейин ушул эле мекемеде директордун орун басары болгон.

Президент Нурсултан Назарбаевдин тиешелүү буйругу бүгүн Акордонун сайтында жарыяланды.

“Азаттык” радиосунун казак кызматы кабарлагандай, “Сырбардын” мурдагы башчысы Габит Байжанов 19-сентябрда президенттин жардамчылыгына - Коопсуздук кеңештин катчылыгына дайындалган.

Казакстанда Тышкы чалгын кызматы 2009-жылы түзүлгөн. “Сырбар” - Казакстандын президентине тикелей баш ийген мамлекеттик орган. (UE)

XS
SM
MD
LG