Кемин мэриясы шаардагы борбордук мечитке 119 700 сомго килем алып берет. Тендер өткөрүү үчүн жарыя Мамлекеттик сатып алуулар порталына илинди. Килемдин узундугу 45, кеңдиги 4 метр болууга тийиш.
Мэр Солайбек Досов маалыматты "Азаттык" радиосуна тастыктап, каражат шаар бюджетинен коротуларын айтты:
- Жамаат аябай суранды. Мечит да суук экен, килемдери эскириптир. Кечке эле арабдардан акча сурай берген уят да, өзүбүз эле алып берели. "Кемин келечеги" деген фонддо биздин үлүш бар. Ошол жерден акча бөлүнөт, шаардын бюджетинен десек да болот.
Мэрдин айтымында, мындай чечимди шаардык кеңеш колдогон. (SE)