Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:18

Душанбеде КМШ лидерлеринин саммити өтүп жатат


Орусиянын, Беларустун, Азербайжандын, Армениянын, Казакстандын, Өзбекстандын, Кыргызстандын жана Молдованын президенттери Душанбеде. 28-сентябрь, 2018-жыл.
Орусиянын, Беларустун, Азербайжандын, Армениянын, Казакстандын, Өзбекстандын, Кыргызстандын жана Молдованын президенттери Душанбеде. 28-сентябрь, 2018-жыл.

Тажикстандын баш калаасы Душанбеде КМШ мамлекеттеринин лидерлеринин саммити башталды. Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине кирген өлкөлөрдүн лидерлери жыйында уюмдун былтыркы жылкы иштеринин жыйынтыгын чыгарып, келечек пландарын талкуулашат. Шериктештиктин аткаруучу комитетинин маалыматына караганда, саммитте 2020-жылы белгилене турган Улуу Ата мекендик согуштун 75 жылдыгын майрамдоо боюнча даярдыкка өзгөчө көңүл бурулат.

Душанбеге Орусиянын, Беларустун, Азербайжандын, Армениянын, Казакстандын, Өзбекстандын, Кыргызстандын жана Молдованын президенттери барышты. Түркмөнстандын башчысы Гурбангулы Бердымухамедов Нью-Йоркто өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясына катышып жатат деген жүйө менен саммитке катышкан жок. Аны ордуна вице-премьер-министри Пурли Агамырадов барды. Ошондой эле Украинанын президенти Петро Порошенко белгисиз себептер менен катышкан жок. Украина 2014-жылы КМШдан чыгарын жарыяласа да, азырынча шериктештин курамынан укуктук негизде чыга элек. Киев бул уюм Орусиянын Украинага каршы агрессиясы боюнча так позициясын билдире албаганы үчүн натыйжалуу эмес деп эсептерин билдирген.

Жыйындын соңунда көп тараптуу документтерге кол коюлары жана уюштуруу маселеси боюнча Түркмөнстандын 2019-жылы КМШга төрагалык кылары тууралуу чечим кабыл алынары маалымдалды.

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги 90-жылдардын соңунда мурдагы СССРдин ордуна түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG