Бир жарым жылда террорчулукка шектелген 14 адам Кыргызстандын чек арасынан өтүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, кармалган адамдар тиешелүү органдарга өткөрүлгөн.
Чек ара кызматы 320 адам жасалма жана башка адамдардын паспорту аркылуу чек арадан өтүүгө аракет кылса, 1380 адам мыйзамды бузганы үчүн депортацияланган.
Ал эми ушул жылдын сегиз айында мамлекеттик чек арадан 11 миллион 776 миңден ашык адам өткөн. Мындан сырткары 792 миң унаа өткөрүлгөн. (BkA)