Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:28

Лавров: Орусия Сирия С-300 комплекстерин жөнөтүүдө


Орусия Сирияга С-300 зениттик-ракета комплекстерин жөнөтүп жатат. Бул Орусиянын аба-күчтөрүнүн Ил-20 учагы атып түшүрүлгөн күндөн бери ишке ашууда. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди.

Министрдин айтымында, Орусиянын Коргоо министрлиги чет элдик өнөктөштөрүнө акыркы жагдай боюнча кеңири маалымат берген жана өзүнүн авиациясынын коопсуздугун сактоо үчүн бардык аракетти көрөт.

Өткөн аптада Орусиянын Коргоо министрлиги Сириянын аба күчтөрү орустардын аскердик чалгын учагын Жер Ортолук деңизинин үстүнөн жаңылыш атып түшүргөнү үчүн Израилдин аскерлерин айыптаган. Мындан соң Орусия эки жума ичинде Сириянын президенти Башар Асаддын армиясына С-300 зениттик ракеталык комплекстерин берүү чечимин кабыл алганын коргоо министри Сергей Шойгу 24-сентябрда билдирген.

Кремлдин мындай чечимин Израилдин бийлиги сындап, согуш баскан аймактагы “туруктуулукту бузарын” эскерткен.

XS
SM
MD
LG