Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:37

2019-жылы бюджеттин тартыштыгы 9,8 млрд. сом деп болжолдонду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2019-жылы республикалык бюджеттин тартыштыгы 9,8 миллиард сомду түзөрү болжолдонууда. Бул тууралуу Финансы министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, кийинки жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 149,6 миллиард сом деп эсептелсе, жалпы чыгаша 159,4 миллиард сом болору болжолдонду. Ошондо республикалык бюджеттин тартыштыгы 2019-жылы ички дүң продукцияга карата 1,6 пайызды түзүшү керек.

“2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзам долбоорду өкмөт ушул аптада талкуулап, жактырды. Эми мыйзам долбоору парламентке жиберилет.

Кыргызстандын 2018-жылкы бюджетинин кирешеси 140,8 млрд. сомго жетет деп пландалган. Ал эми чыгаша 161,1 млрд. сом деп каралган. Натыйжада тартыштык 20,3 миллиард сомду түздү.

XS
SM
MD
LG