Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:30

Жаңы-Өзөн окуяларынын активисти көз жумду


Максат Досмагамбетов.
Максат Досмагамбетов.

Казакстандын Жаңы-Өзөн аймагындагы мунайчылардын нааразылык акцияларынын активисти Максат Досмагамбетов каза болду. 35 жаштагы Досмагамбетов онкологиялык дарттан улам Мангистау облустук ооруканасында үзүлгөнүн “Азаттыктын” казак кызматы жазды.

Максат Досмагамбетов Жаңы-Өзөндөгү мунайчылардын нааразылык акциясынын лидерлеринин бири болгон. 2011-жылдын 16-декабрында мунайчылардын узакка созулган иш таштоосу кагылышуу менен аяктап, коопсуздук күчтөрүнүн огунан 16 адам өлүп, жүздөн ашуун киши жаракат алган эле.

Бул акциянын уюштуруучуларынын бири катары Досмагамбетов камакка алынып, алты жылга эркинен ажыратылган. Абакта активист түрдүү кыйноого кабылганын айтып чыккан. Ур-токмоктун айынан Максаттын бет сөөктөрү сынып, андан оңоло албай, көп өтпөй онкологиялык дартка чалдыккан. Оорусу күчөгөнүнө байланыштуу 2015-жылы мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө түрмөдөн чыккан.

Жаңы-Өзөн окуяларында Максат Досмагамбетовдун бир тууган иниси Кайрат да ок жеп, майып болуп калган.

Казакстандагы оппозиция Жаңы-Өзөндөгү кан төгүүнү өлкөнүн көз карандысыздык тарыхындагы башкы окуя - "экинчи Желтоксон" деп баалап келет.

XS
SM
MD
LG