Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:10

Украина абактагы Сенцовго дарыгерлерди киргизүүнү талап кылды


Олег Сенцов.
Олег Сенцов.

Украинанын Тышкы иштер министрлиги Орусияда абакта отурган украин режиссеру Олег Сенцовго консул жана дарыгерлерди киргизүүнү орус бийликтеринен талап кылды. Министрликтин өкүлү Марьяна Беца буга чейин жарыяланган Сенцовдун сүрөтүн комментарийлеп, украиналык дарыгерлерге режиссер менен жолуктуруу зарылдыгын билдирди.

Орусиянын Ямало-Ненецк автоном округунун Жаза аткаруу кызматы Сенцов Лабытнанги шаарындагы ооруканада медициналык кароодон өтүп жатканын билдирген.

2015-жылы Орусиянын соту Олег Сенцовго аннексияланган Крым жарым аралында теракт даярдаган деген айып тагып, аны 20 жылга эркинен ажыраткан. Күнөөсү жоктугун айтып келаткан режиссер 14-майда Орусиянын түрмөлөрүндө отурган бардык украиналык саясий туткундарды бошотуу талабы менен ачкачылык жарыялаган. Андан бери ден соолугу начарлаганына карабай режиссер ачкачылыкты улантып келет.

Акыркы айларда Сенцовду бошотуу талабы менен маданият ишмерлери, укук коргоочулар жана Батыш лидерлери акцияга чыгышкан.

XS
SM
MD
LG