Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:48

Македонияда өлкөнүн аталышын өзгөртүү боюнча референдум өтүүдө


Македонияда өлкөнүн аталышын өзгөртүү боюнча референдум өтүүдө. Бул референдум өлкөнүн Евробиримдик жана НАТОго кошулушуна жол ачат. Быйыл жайында Македон парламенти Греция менен түзүлгөн келишимди ратификациялаган. Ага ылайык, мурда Югославиянын курамында болгон Македония эми расмий түрдө "Түндүк Македония Республикасы" деп аталышы керек.

Македон мыйзамдарына ылайык, референдумга катышкандардын жарымынан көпчүлүгү өлкөнүн аталышын өзгөртүүгө макулдугун билдирсе, бул келишим күчүнө кирет.

Скопье менен Афинынын ортосундагы талаш Македония 1991-жылы мурдагы Югославиядан бөлүнүп, Македония Республикасы деген аталыш менен эгемендигин жарыялаганда башталган.

Греция анын Македония деген аймагы болгондуктан коңшу өлкөнүн ушундай аталышына каршы чыгып, талаш жөнгө салынмайынча Македониянын Евробиримдик менен НАТОго кошулушуна макулдук бербей турганын айтып келди.

Бирок өлкөдөгү оппозиция Македониянын аталышын өзгөртүүгө каршы. Өлкөнүн президенти Георги Иванов да парламенттин демилгесин колдобой, элди өлкөнүн аталышын өзгөртүү боюнча референдумга бойкот жарыялоого чакырган.

XS
SM
MD
LG