Индонезияда зилзаладан кийин башталган цунами 800дөн ашуун адамдын өмүрүн алып кетти. Бир күн мурда эле курмандыктардын саны мындан эки эсе аз болчу. Сулавеси аралындагы табигый кырсыктан каза болгондордун саны миңге жетиши мүмкүн экенин Индонезиянын вице-президенти Юсуф Калла билдирди. Учурда алыскы аймактардан жабыркагандар тууралуу маалыматтар келе элек. Палу шаарында талкаланган имараттардын алдында ондогон адамдар калышы мүмкүн. Жүздөгөн адамдар жараат алды. 10 миң адам үй-жайынан ажырады.
Бул шаарда бир нече жол жана аэродром жарактан чыккандыктан жардам тик учак менен гана жеткирилүүдө.
Кырсык тууралуу алдын ала маалымдабаганы үчүн Индонезиянын Гидрометеорология агенттигине сындар айтылууда. Бирок бийлик зилзаладан соң цунами тез башталып кеткендиктен адамдарды эскертүүгө үлгүрбөй калышканын билдирди.
Түштүк-Чыгыш Азияда жайгашкан Индонезияда жер титирөө жана цунами тез катталып турат.