Бишкектик дизайнер Никита Тарасенконун президент Сооронбай Жээнбековдун сүрөттөрүнө жазган тамаша сөздөрү боюнча экспертиза дайындалат. Тарасенко 29-сентябрда Башкы прокуратурага чакырылып, түшүнүк кат жазганын “Азаттыкка” айтты:
- Сурак болду. Мага иш жабыла электигин айтышты. Административдик иш катары экспертиза дайындалат экен. Андан соң анын негизинде сот аныкташы мүмкүн.
Дизайнердин айтымында, прокуратурага белгисиз адам "Тарасенко президентти келекелеп жатат" деген арыз менен кайрылган. Ошондон кийин Тарасенкого Башкы прокуратурадан телефон чалып, сүйлөшүүгө чакырышкан.
Никита Тарасенко прокуратура кызматкерлери эч кандай эскертүү бербегенин жана ага сый мамиле жасашканын кошумчалады. Ал эми Башкы прокуратура жана президенттин маалымат кызматы бул жагдай боюнча комментарий бере элек.
Никита Тарасенко президенттин маалымат кызматы тараткан Сооронбай Жээнбековдун жайкы эс алуусундагы сүрөттөргө тамашалуу сөздөрдү жазып, ошол мемдерди Интернетке жайгаштырган.
Мем - Интернетте кеңири тараган тамашалуу сүрөт, видео же сөз. (BkA)