Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 13:35

Ош-Москва: Дөңгөлөгү жарылган учак алмаштырылды


Ош-Москва каттамындагы дөңгөлөгү жарылган учактын 150гө жакын жүргүнчүсү саат 17:50дө башка учак менен учуп кетишти. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди.

30-сентябрда эртең менен "Ош" аэропортунан Москва шаарына учканы жаткан "Boeing 737" учагынын дөңгөлөгү жарылып учпай калган. Жабыркандар болбогонун каттамды аткарган “AviaTraffic” компаниясынын жетекчиси Алик Аскаров “Азаттыкка” билдирди.

- Дөңгөлөгү эле жарылды, башка эч нерсе болгон жок. Баары тынч. Жүргүнчүлөр мейманкана жана тамак-аш менен камсыз кылынды. Дөңгөлөк эмне себептен жарылганын аныктоо үчүн комиссия иштеп жатат. Балким заводдон мүчүлүштүк кеттиби, мунун баарын тактайбыз.

Августтун башында Ош-Анталия багытында бараткан учак техникалык себептен улам Бишкекке конууга мажбур болгон. Мындан сырткары "Авиатрафик" компаниясына таандык учак 29-июлда 89 жүргүнчү менен абага көтөрүлүп, кайра конгон.

Быйыл 1-мартта да "Тез жет" авиакомпаниясынын Бишкек-Баткен каттамында бараткан учагынын бир кыймылдаткычы күйүп кеткен. Жарым жолдон артка кайтып, "Манас" эл аралык аэропортуна конгон учакта 96 жүргүнчү жана экипаждын төрт мүчөсү болгон. Эч ким жабыркаган эмес.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 36 учак бар. Анын жарымы жараксыз абалда. Төрт компания - "Авиатрафик", "Эйр Манас", "Тез жет" жана "Эйр Кыргызстан" жүргүнчү ташыйт. Алар “Эйрбас”, “Боинг”, “Аврожет” учактарын колдонушат.

Мамлекеттик “Air KG” компаниясы "ТУ-154" учагы менен президентке кызмат кылат. “Sky KG” компаниясынын туристтик жана экскурсиялык каттамдарга чыккан эки чакан учагы бар. (КЕ)

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG