Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:13

БУУ: Индия менен Пакистан кайым айтышты


Индиянын тышкы иштер министри Сушма Свараж Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында сүйлөп жатат. Нью-Йорк. 23-сентябрь, 2017-жыл.
Индиянын тышкы иштер министри Сушма Свараж Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында сүйлөп жатат. Нью-Йорк. 23-сентябрь, 2017-жыл.

Индиянын тышкы иштер министри Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө Пакистанды террорчуларга баш калка берип жатканы үчүн айыптады.

29-сентябрда сүйлөгөн сөзүндө Сушма Свараж айым Усама Бин Ладенди мисал келтирип, аны америкалык күчтөр жок кылганча Пакистанда жашап жүргөнүн айтты. Ал ошондой эле Мумбаиде 2008-жылы 168 кишинин өмүрүн алган теракттын артында турган адам дагы эле Пакистанда эч жазаланбай жүргөнүн кошумчалады.

Андан кийин Башкы ассамблеянын трибунасына чыккан Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Куреши "Индия тынчтыктын ордуна саясатты артык көрөрүн" билдирди. Ал Сушма Свараж айымдын дооматтарына жооп берип, кайсы бир адамды кармоого далилдер жетишсиз экенин айтты.

Свараж менен Куреши ушул аптада Улуттар Уюмунун Башкы сессиясынын алкагында өз алдынча жолугушмак. Бирок Индия талаштуу Кашмир аймаганда индиялык чек арачынын өлүмүнөн кийин жолугушууга бир күн калганда баш тартып койду.

Куреши Индия ушуну менен сүйлөшүүлөрдөн ар кандай шылтоо менен үчүнчү жолу баш тартканын билдирди. Ал эми Сушма Свараж "Индия Пакистан менен сүйлөшүүлөргө саботаж кылып жатат" деген сөздөрдү толугу менен четке какты.

XS
SM
MD
LG