Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:36

Македонияда референдумга катышкандар жетишсиз болуп чыкты


Македониянын премьер-министри Зоран Заев добуш берип жатат. Скопье. 30-сентябрь, 2018-жыл.
Македониянын премьер-министри Зоран Заев добуш берип жатат. Скопье. 30-сентябрь, 2018-жыл.

Македониянын аталышын Түндүк Македония деп өзгөртүүгө багытталган референдум шайлоого катышууга укуктуу жарандардын көбү келбей койгонуна байланыштуу өтпөй калды. Жергиликтүү агенттиктер кабарлагандай, жекшемби күнү болгон референдумга шайлоочулардын 34% гана катышкан. Ал эми референдум добуш берүүчүлөрдүн 50% ашыгы катышканда гана өттү деп эсептелмек.

Македониянын премьер-министри Зоран Заев шайлоо бекеттери жабылгандан кийинки билдирүүсүндө референдум өтпөй калса да добуш бергендердин көбү өлкө аталышын өзгөртүүнү жактаса, Македония өз аталышын Түндүк Македония деп өзгөртөрүн ишарат кылды.

1991-жылдан бери Греция менен Македониянын ортосунда талаш жаратып келген маселе боюнча бир топко созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин ушул жайда тараптар мунасага келишкен. Македония өз аталышын өзгөртүүгө макул болуп, ал эми Греция коңшусуна мындан ары НАТО менен Евробиримдикке кирүүгө тоскоолдук кылбоого убада берген. Грециянын аймагында да Македония деген аймак бар болгондуктан, Афины коңшу мамлекеттен аталышын өзгөртүүнү талап кылып келген. Бирок эки тараптын макулдашуусуна нааразылар да көп болуп, Македониядагы оппозиция премьер-министри Зоран Заевдин бул кадамына каршы чыгып жүргөн.

Македониялыктар кандай добуш бербесин, соңку чечимди парламент кабыл алары буга чейин да айтылып келген. Өлкө аталышын өзгөртүү үчүн мыйзам чыгаруучулардын үчтөн экисинин колдоосу зарыл.

XS
SM
MD
LG