Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Апрель, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:02

Индонезияда зилзаланын курмандыктары миңден ашты

Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Индонезияда зилзаладан кийин башталган цунамиден каза болгондордун саны 1200гө жетти. Бул тууралуу дүйшөмбүдө “Стрейс таймс” басылмасы өлкөнүн Куткаруу жана издөө агенттигинин маалыматына таянып жазды.

Дунгала районунда 7,4 баллдык жер титирөө болгону тууралуу маалыматтар түшкөндүктөн каза болгондордун саны азыркыдан да көбөйүшү ыктымал экендиги айтылууда. Палу шаарында талкаланган имараттардын алдында ондогон адамдар калышы мүмкүн. Жүздөгөн адамдар жабыркады. 10 миң адам үй-жайынан ажырады.

Жекшембиде эле курмандыктардын саны 800дөй экени айтылган. Кырсык тууралуу алдын-ала маалымдабаганы үчүн Индонезиянын Гидрометеорология агенттигине сын пикирлер айтылууда. Бирок бийлик зилзалага удаа эле цунами башталып кеткендиктен адамдарды эскертүүгө үлгүрбөй калганын билдирди.

XS
SM
MD
LG